18:07
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

«Оймо» эл аралык фестивалы сапарын бүгүн Бишкектен баштайт

Бүгүн, 25-июлда Бишкекте эл аралык «Оймо» фестивалы башталат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара 28-июлга чейин борбор калаадагы Курманжан датка аянты, «Эмен багы» галереясы, Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залы жана Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинде өтөт. Андан кийин 30-июлдан 4-августка чейин Ысык-Көл облусунда уланат.

«Оймо» эл аралык фестивалы маданий мурастарды сактап калуу, салттуу билимдердин муундан муунга өтүүсүн жандандыруу, Кыргыз өлкөсүндөгү кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдү экологиялык таза, маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу максатын көздөйт.

Фестивалга кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, Кыргыз этникалык диаспоралардын өкүлдөрү, студенттер, жаштар, балдар, Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларынын тургундары жана меймандары катышат.

Программада фестивалдын катышуучуларынын жана меймандарынын жөө жүрүшү, «Белдемчи» флэш-мобу, салттуу кол өнөрчүлүк технологиялар боюнча балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар, кыргыз жана чет өлкөлүк дизайнерлерден этно стилиндеги фэшн-шоу, креативдүү жаштардын презентациялары, музыкалык топтордун жана манасчылардын концерти, анимациялык фильмдер, тарых жана маданият темасындагы клиптер көрсөтүлөт. Быйыл «Оймо» фестивалы Кыргыз өлкөсүндө 14-жолу өткөрүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби