1-сентябрдан мугалимдердин айлыгы көбөйөт

10:15, 25 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Биринчи сентябрдан тартып мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, 2008-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлык маянасы 30%га жогорулады. Андан тышкары, Мамлекеттик кадр кызматынын, спорт машыктыруучуларынын эмгек акылары көбөйдү. 1-сентябрдан тартып мугалимдердин айлыгы, 1-октябрдан тартып пенсиялар көтөрүлөт.

Маянага канча пайыз кошулары белгисз.