Чек арадагы чатак. Исфана-Ош жана Исфара-Ворух жолу ачылды

09:49, 25 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Исфана-Ош жана Исфара-Ворух жолу ачылды. Бул тууралуу чек ара кызматы маалымдайт.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында ахыбал туруктуу.

Чек ара кызматы Баткенде күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантууда.

Эскерте кетсек, 22-июлда кечке жуук Баткен облусунун Баткен районунун Тажикстандын Ворух эксклавы менен кесилишкен аймагында чатак чыгып, ок атышуу болгон. Анда бир киши набыт болгону айтылууда.

Баткендин Ак-Сай районунун тургундары Ворух айылынын жашоочуларынын айыл четине байрак илүүсүнө каршы чыгышкан. Кагылышууда Кыргызстан тараптан 14 киши жаракат алды. Алардын бешөө жергиликтүү тургундар.