09:33, 25 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Алмазбек Атамбаев Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Маалыматты Орусия тарап ырастады.
Эки тараптуу жолугушуудан бир да сүрөт жок. kremlin.ru сайты сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча Владимир Путиндин журналисттердин суроосуна жообун гана жарыялады.
Анда Путин Атамбаев менен жолугушуусунда эч кандай сыр жок экендигин айтып, жогорку кызматын калтырып кеткен кесиптештери менен байланышка ачык экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ Алмазбек Атамбаев «Кант» авиабазасы аркылуу Россияга учуп кеткен. Аны аэропорттон жакын досу Андрей Бельянинов тосуп алды.