Бишкек мэриясына Эгемендүүлүк күнү салют ордуна бак тигүү сунушталды

10:24, 24 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясына Эгемендүүлүк күнүнө карата салют ордуна бак тигүү сунушталды. Бул тууралуу пикирин укук коргоочу Назгүл Турдубекова социалдык тармакка жазды.

Ал азыркы заманда экологияга зыян келүүчү заттардан жана иш-чаралардан баш тартылып, планетаны сактоо аракеттери көрүлүп жатканын эскертет.

«31-августта баардык шаардыктар биригип, бак тигели. 2 миллион — бул элдин акчасы, аны Ботаникалык бакты сактоого жумшаңыз», — дейт Назгүл Турдубекова.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык мээриясы Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого 2 миллион 40 миң сом жумшамакчы.

Анын 500 миң сому салют жана фейерверктерге бөлүнөт.