Депутат Тиллаев чек арадагы чатакка ИИМ менен вице-премьерди айыптады

14:16, 23 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин Баткен облусундагы чек ара чатакка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен менен вице-премьер министр Жеңишбек Разаковдун айыптады. Бул тууралуу анын билдирүүсүндө айтылат.

Депутат чек ара маселесин чечүүдө өкмөт чечкиндүү кадамдарга барбай жатканын айтат.

«Өз элине аброю жок, өз элинен корккон өкмөттүн облустагы мурдагы өкүлү, өкмөттөгү чек ара маселелери боюнча вице-премьер министри, ошондой эле өз көлөкөсүнөн корккон, эч нерсени чече албаган ИИМ министри сыяктуу кадрлар отурганда карапайым калктын коопсуздугу жана мамлекеттин бүтүндүгү коркунучта кала берет», — дейт ал.

Таабылды Тиллаевдин айтымында, буга чейинки мамлекеттер аралык чек ара боюнча келишимдер чийки жана анда Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон эмес.