12:25, 23 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан кийин 14 адам ооруканага түштү. Анын тогузу октон жаракат алган.
Ал эми өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү 24.kg агенттигине 15 киши ооруканага жаткарылып, 12и киши ок жаракаты менен ооруканага жаткырылганын маалымдады.
Эскерте кетсек, 22-июлда кечке жуук Баткен облусунун Баткен районунун Тажикстандын Ворух эксклавы менен кесилишкен аймагында чатак чыгып, ок атышуу болгон. Анда бир киши набыт болгону айтылууда.
Баткендин Ак-Сай районунун тургундары Ворух айылынын жашоочуларынын айыл четине байрак илүүсүнө каршы чыгышкан