09:33, 23 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Баткен районунун Ак-Сай айылынан 300дөй тургуну чыгарылды. Бул тууралуу аймактык маалымат каражаттары билдирет.
Алардын маалыматында, аялдар жана балдар Баткен шаарындагы лицейлерге жайгаштырылды.
Чек ара кызматы учурда акыбал тынч экенин кабарлады.
Баткендин Ак-Сай районунун тургундары Ворух айылынын жашоочуларынын айыл четине байрак илүүсүнө каршы чыгышкан.