23:32
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кыргыз-тажик чек арасы. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине чек ара кызматынан билдиришти.

Учурда акыбал тынч. Ок атышуу жана таш ыргытуу токтотулду.

Аймактагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипке которулду. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенге учуп кетти.

Эскерте кетсек, кечээ кечке жуук Баткен облусунун Баткен районунун Тажикстандын Ворух эксклавы менен кесилишкен аймагында чатак чыгып, ок атышуу болгон. Анда бир киши набыт болгону айтылууда.

Баткендин Ак-Сай районунун тургундары Ворух айылынын жашоочуларынын айыл четине байрак илүүсүнө каршы чыгышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби