Жогорку Кеңештин депутаты Босфор кысымын кечип өттү

14:29, 22 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Босфор кысымын кечип өттү. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Босфорду сүзүп өтүү боюнча континенттер аралык жарыш болду. Ага 59 өлкөдөн 2,4 миң киши катышты. Алар 6,5 чарчы жерди сүзүп өтүштү.

Фото

55-60 жаштагылардын арасында Бактыбек Турусбеков 85 катышуучунун ичинен тогузунчу болуп келди. Ал Босфорду 1 саат 6 мүнөттө сүзүп өткөн.