Лейлекте сууга түшүп кеткен унаадагы алты жашар бала каза болду

13:20, 22 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Лейлек районунда унаа сууга кулап алты жаштагы бала каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык Исфана-Андарак жолунун 13-чакырымында болгон.

«Форд Транзит» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып сууга түшүп кеткен. Алган жаракатынан улам 2013-жылы туулган К.Б. каза тапты.

1981-жылы туулган айдоочу М.Ж. жеңил жаракат алды.Кырсык болгон жерде 6 куткаруучу иштеп, каза тапкан баланын денесин суудан алып чыгышты.