21:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Шавкат Мирзиеевдин кызын уулунун эс алуудагы сүрөтү үчүн сындашты

Шавкат Мирзиеевдин кызы Саида уулунун эс алуудагы сүрөтүн жарыялап, сынга кабылды.

Өзбекстандын президентинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация агентигинин директорунун орун басары Саида Мирзиеева Facebook баракчасына уулу Миромандын эс алуу учурундагы сүрөтүн жарыялады.  

Facebook колдонуучулары бир бала үчүн Чарбак эс алуу жайынын жээги тазаланып, көл жээгинде иштегендерге чектөө киргизилгенин маалымдашты.

«Элдин акчасына эс алуу кандай сонун», «Биз балдарыбызды лагерге жөнөтүүгө акча артыра алган жокпуз», «Өзбекстандын пахта боюнча планы толду» деп какшыктагандар дагы болду.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда пахта терүүгө балдар тартылып, аны эл аралык уюмдар сынга алып келет.

Шавкат Мирзиеевдин эки кызы тең мамлекеттик кызматта иштейт. Чет элдик басылмалар аларды Ислам Каримовдун кыздарынын ордун басарын белгилешүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума