USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Шавкат Мирзиеевдин кызын уулунун эс алуудагы сүрөтү үчүн сындашты

12:59, 22 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Шавкат Мирзиеевдин кызы Саида уулунун эс алуудагы сүрөтүн жарыялап, сынга кабылды.

Өзбекстандын президентинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация агентигинин директорунун орун басары Саида Мирзиеева Facebook баракчасына уулу Миромандын эс алуу учурундагы сүрөтүн жарыялады.  

Facebook колдонуучулары бир бала үчүн Чарбак эс алуу жайынын жээги тазаланып, көл жээгинде иштегендерге чектөө киргизилгенин маалымдашты.

«Элдин акчасына эс алуу кандай сонун», «Биз балдарыбызды лагерге жөнөтүүгө акча артыра алган жокпуз», «Өзбекстандын пахта боюнча планы толду» деп какшыктагандар дагы болду.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда пахта терүүгө балдар тартылып, аны эл аралык уюмдар сынга алып келет. Шавкат Мирзиеевдин эки кызы тең мамлекеттик кызматта иштейт. Чет элдик басылмалар аларды Ислам Каримовдун кыздарынын ордун басарын белгилешүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18