Жүк ташуучу унаалар кайра Кыргызстандан Казакстанга өтө албай турат

11:14, 22 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

Алардын маалыматында, «Кең-Булуң» өтмөгүнөн өтө албай турушат.

«Ишемби күнү мындай узун кезек жок болчу. Жекшемби күнү узун кезек пайда болуп калыптыр. Эң кызыгы «Ак-Тилек» чек ара бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаалар жок», — дейт окурман.

Белгилей кетсек, жакында эле Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Маминдин Бишкекке расмий иш сапарынын учурунда эки тарап жүк ташуучу унааларды өткөрүү эрежелерин жеңилдетүүнү макулдашканы айтылган.