Улуттук көчмөндөр оюунун Таласта өткөрүүгө даярдык башталды

09:03, 22 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт маалымдайт.
 
Оюн Таласта сентябрь айында өтөт.

Оюндардын маданий бөлүгү — этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагына жайгаштырылат. Ал эми спорттук бөлүгү Райкан Алканов атындагы ипподромдо болот.

Учурда Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө.