12:30, 21 июля 2019, Бишкек - 24.kg , Айнура Аскарова
Чет элдик жылдыздар Кыргызстанга баймаи-бай каттап турушат. Алар көбүнчө жеке иш-чараларга конок болуп, той-топурларда, жабык кечелерде ырдап, бийлеп кетишет. Чет өлкөдөн ырчыларды чакыруу — престиждүү. Анүстүнө акысы дагы кымбат болгондуктан аны оңой адам көтөрө албайт. Бишкекке концерт койсо, билет баасын шаар тургундарынын көпчүлүгүнүн чөнтөгүнө да туура келбейт. Ивент менеджерлердин айтымында, чет элдик ырчылар көбүнчө атайын кечелерге чакырылып, бирок, ошол эле учурда капчыктуу кыргызстандыктар Бишкек шаарынын тургундарына дагы жагымдуу маанай тартуулап, концерттин уюштуруп, же аянтта ырдоого уруксат беришет.
24.kg агенттиги Бишкекке келип кеткен жылдыздардын тизмектеди.
Бузованын айтымында, Бишкек аны жылуу кабыл алып, түнкү клубда дагы күйөрмандары жакшы тосуп алышкан. Ал Кыргызстанга бир күн концерт менен келүүнү убадалады.
Бузова кеткенден кийин Бишкекте ызы-чуу башталды. Көпчүлүккө Ольганын кыргыз калпагын жана чапанын кийгени жага бербеди.
Айтмакчы, калпак менен чепкенди жазында Кыргызстанга келген мушкер Валентина Шевченкого дагы кийгизишкен. Бирок, ал пландалбай, мушкердин фанаты күтүүсүздүктөн эле белек кылганы айтылган.
Тиматынын сапары дагы ызы-чуусуз өткөн жок. Бургер таркатууда өтө көп киши топтолуп, эс-учун жоготуп калгандар, ага барган депутаттар сынга алынды.
Ага чейин эле Black star burgerди ачуу үчүн муфтий Максат ажы Токтомушев катышып, элде талкуу жараткан.
Белгилей кетсек, Тиматиге дагы салттуу түрдө калпак менен чапан кийгизип узатышты.
Согдианна Бишкектин мааракесине келип, инстаграм баракчасына бир нече сүрөтүн жүктөп, ал күйөрмандарынын активдүүлүгүнө баа берген.
Ал эми «А — студио» солисти Кети Топурия инстаграмдагы 2 миллион 300 миң күйөрманына Бишкектеги сүрөттөрүн жарыялаган эмес. Негизи эле ал концерттеринен сүрөт көп чыгара бербейт.
Айтмакчы, Бишкек Кети Топурия үчүн анын атасы менен да байланыштуу. 2009-жылы Грузиянын кримтөбөлү Андро Топурия Бишкекте кармалып, кайра артка жөнөтүлгөн.
Ага караганда белгилүү реппер Баста бийлик өкүлдөрүн уяткарып, социалдык тармактагы кыргыз сегментинде тополоң салды. Ырчы Спорт сарайынын эскилиги жеткен олтургучтарын видеого тартып, мурдакы кылымга, Советтер союзуна кайра барып калгандай көрүнүшкө туш келгенин жазган.