Өзгөн районунун тургуну өзүнүн ымыркайын сатып жаткан жеринен кармалды

13:04, 19 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну өзүнүн ымыркайын сатып жаткан жеринен кармалды. Маалыматты Социалдык өнүгүү жана эмгек шаардык башкармалыгынан ырасташты.

Маалыматка караганда, окуя 15-июль күнү болгон. Бир айга толо элек кызын 30 миң долларга сатууга сүйлөшкөн.

Ымыркай кыздын ата-энеси жарандык никеде жашайт. 25-июнда кыздуу болгонуна карабай, ага күбөлүк алышкан эмес. Сатып алуучулар боюнча маалымат жок.

Кыздын ата-энеси бүгүн үй камагына чыгарылды.