10:47, 19 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылындагы Михайловская дачасында 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге келген куткаруучулар 19:40да 19 жаштагы Э.А. аттуу жигиттин сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.