Алмазбек Атамбаевге үчүнчү жолу суракка чакыруу ыйгарылды

16:50, 18 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Алмазбек Атамбаевге үчүнчү жолу суракка чакыруу ыйгарылды.

Аймактык инспектор бүгүн Кой-Ташка барып, Алмазбек Атамбаевге кайра чакыруу берди.

Ал эртең саат 10.00гө ИИМге келиши керек.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев буга чейин эки жолу суракка чакыруу алып, бирок, барган эмес. Ал Кой-Таштагы үйүндө штабы иш алып барууда. Күн сайын кечинде Алмазбек Атамбаев эл менен жолугушуу өткөрүүдө.