Бир суткада эки адам сууга чөктү

11:14, 18 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир сутка ичинде 2 адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы «Быстроток» каналына 62 жаштагы аял киши сууга чөккөн. 

Андан тышкары, Жумгал районунун Арал айылындагы Көкөмерен дарыясына 55 жаштагы эркек чөгүп кеткен. Бирок, анын сөөгү табыла элек.