15:07, 17 июля 2019, Бишкек - 24.kg
18-22-июль күндөрү айрым аймактарда күн күркүрөт, өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Алардын маалыматында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Бишкек жана Ош шаарларында — 18-20-июль аралыгында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Чолпон-Ата шаарында эртең, 18-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.