Сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартуудан баш тартты

14:59, 17 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартуудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Анын маалыматында, кечээ Аламүдүн райондук соту жактоочулардын 2014-жылык мунапысты негизинде Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартуу сунушун карады.

«Мунапыс боюнча 3 жыл 4 айы кыскарат. Бирок, сот андан баш тартты. Текебаев, Чотонов, Кадыров, Асанов, Талгарбековдорго иштеген мунапыс, Садыр Жапаровко иштебей койду. Мыйзам иштегенде Садыр Жапаров шартуу түрдө боштондукка чыкмак. Тилекке каршы чыкпай калды», — дейт ал.

Садыр Жапаровду 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11 жарым жылга эркинен ажыратты. Ал 2013-жылы Каракол шаарындагы «Кумтөр» кенине каршы митингде губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштургандыгы үчүн «башаламандык», «барымтага алуу» беренелери менен күнөөлүү деп табылган.

Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартта кармалган. Ошол эле күнү УКМКнын алдындагы митингде анын бир тууганы жана уулу болуп 12 адам камоого алынган.