Өзбекстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр өттү

10:00, 17 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү Ош шаарында чек араны аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Эльёр Ганиев менен жолугушкан. Анда кыргыз-өзбек чек арасынын калган тилкелеринин сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланып, айрым аймактарды жеринен карап чыгуу макулдашылды.