«Таатан» соода борборундагы өрт өчүрүлдү

15:09, 16 июля 2019, Бишкек - 24.kg

«Таатан» соода борборундагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 13:20да соода борбордун имаратынын биринчи кабатында түтүн чыгып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Соода борборунда чакан өрт чыккан. 14:00дө өрт өчүрүлгөн.