Жогорку Кеңеш бир кызматтык унааны 254 миң сомго оңдойт

09:32, 16 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш «Лексуса-470» машинасын 254 миң сомго оңдойт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталында маалымдалат.

2003-жылы чыккан «Лексуса-470» унаасынын алдынкы айнегин алмаштырып, кыймылдатуучу бөлүктөрүн оңдоо талап кылынат.

Ага каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары кызматтык унаадан баш тартышкан.