20:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Борбордук Азияда Казакстан өз жанын кыюу боюнча биринчи орунда турат

Борбордук Азияда Казакстан өз жанын кыюу боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу АКШдагы Хьюстон-Даунтаун университетинин окутуучусу Шахназ Савани «Борбор Азиядагы өзүн-өзү өлтүрүү» лекциясы учурунда билдирди.
Анын 30 жылдык байкоолорго негизделген иликтөөсүндө, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллион киши өзүнө кол салып, өмүр менен кош айтышат. Суициддин 76% калкынын кирешеси төмөн жана орто өлкөлөргө туура келет. Алардын ичинен 60% Азия мамлекеттеринде болот.
Борбор Азия боюнча Казакстанда өзүн-өзү өлтүрүү учурлары эң көп катталган — 48,1%. Экинчи орунда Түркмөнстан 15,8%, андан кийин Өзбекстан 13,6% жана Кыргызстан 13,4% турат. Тажикстанда бул көрсөткүч башкаларга караганда төмөнүрөөк — 7,2%.

Шахназ Саванинин пикиринде, аймакта калктын көбү ислам динин тутканына карабастан, өз жанын кыюу көрсөткүчү төмөндөгөн эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар