Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгында BMW Х7 унаасын башкарган Элдияр Калмурзаев маек берди.
Элдияр Калмурзаев Лексус унаасы кокус жолдон бурулуп чыгып, экинчи линияга өткөнүн белгилейт.
«Мен оңго жол четине бурулайын деп, бирок жетишпей калдым. Биздин кагылышканыбызды билем. Эсиме келип, унаадан чыгып, кайра эсимди жоготтум», — дейт ал.
Эскерте кетсек, бул жол кырсыгында төрт бала каза тапты.