12:30, 14 июля 2019, Бишкек - 24.kg , Айнура Аскарова
Бул күндөрү элдин баары Ысык-Көлдө, тоодо, жайлоодо, айылда эс алууда. Чет жакта дүйнөнүн алдынкы курорторунда эмгек өргөөсүн өткөрүп жүргөндөр да жок эмес.
Жайдын экинчи жарымында чет өлкөгө камынгандар үчүн 24.kg агенттиги эске алуучу бир нече кеңеш сунуштайт.
Кыргызстандын паспорту менен 25 өлкөгө визасыз кирүүгө болот. Алар: Армения, Беларусь, Грузия, Молдова, Казахстан, Россия, Тажикстан, Украина, Узбекистан, Микронезия, Самоа, Монголия, Малайзия, Индонезия, Вьетнам, Түркия, Антигуа жана Барбуда, Барбадос, Гренада, Доминика, Куба, Гаити, Тринидад жана Тобаго, Эквадор.
Кыргыз жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдө 30-90 күнгө чейин жүрүүгө болот. Ал ар бир өлкө менен түзүлгөн келишимге жарашат. Мисалы. Украина, Монголия, Түркия менен 90 күндүк макулдашуу бар.Ал эми ЕАЭС өлкөлөрү менен виза алынып салынган.
Эң кыска мөөнөт Вьетнам жана Доминика. Вьетнамда кыргыз жарандары 15 күн гана визасыз жүрө алышат. Доминикада 21 күн.
Боливия, Никарагуа жана Гайанага Кыргызстандын паспорту менен учуп баргандан кийин визаны алса болот. Бирок, бул өлкөлөрдө 30 күнгө гана уруксат берилет.
- Кайсы бир өлкөгө жетүү үчүн жолдо учакты алмаштырууга туура келе турган болсо, сиз токтогон өлкөнү кыдырып көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Мындай өлкөлөрдүн айрымдары виза талап кылса, мисалы, Сингапур 96 саатга гана токтогон чет элдик жарандардан виза талап кылбайт. Бирок, учуп бара жаткан өлкөгө алган уруксатыңызды көрсөтүшүңүз керек.
Мында сизге шенген визасы жакшы жардамчы. Аны менен учуп-конуу учурунда көп өлкөнү бир нече саатка кыдырып алсаныз болот.
Визанын наркы ар бир өлкөгө түрүнө жана убакытына жараша болот. Эң арзаны 50 доллардан өйдө.
Айрым өлкөлөр, айрыкча Шенген визасын алууда, сиздин материалдык жагдайыңызды, банктык эсептериңиздеги акчанын көлөмүн эске алат.
Андан тышкары, медициналык камсыздандырууну дагы эске алуу керек.