12:38, 12 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкекте кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин VIII жыйыны өтөт.
Бүгүн Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Бишкекке келди.
Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган, алардын катарында VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта өтмөкчү.
Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди кароону пландаштырууда. Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.
Аскар Маминди Сооронбай Жээнбеков да кабыл алат.