Сириядан кайткандар. Согуштун Борбордук Азияга таасири жана кооптонуулар

10:00, 12 июля 2019, Бишкек - 24.kg , Айнура Аскарова

Фото Интернеттен алынды. Сириядан кайткан казак жарандары

Борбордук Азия өлкөлөрү Сириядан өз жарандарын кайтарып келүүдө. Негизинен атайын лагерде жана Ирактын түрмөлөрүнө туш болгон аялдар жана балдар мекенине кайтарылды. 

Казакстан атайын «Жусан» операциясынын негизинде бир жыл ичинде 357 баланы, Тажикстан 84 баланы, Өзбек бийлиги 156 жаранын алып келди. 

Кыргызстан азырынча жарандарын Сириядан кайтарып келе элек. Айрым үй-бүлөлөр согуш талаасынан туугандарын алып келүү сунушу менен ТИМге жана укук коргоочуларга кайрылган.

ИИМдин маалыматында, өз эрки менен кайтып келген 40тай жаран түрмөдө. Алар экстремизм айыбы менен соттолушкан. Жалпысынан расмий эсеп боюнча Сирияга 800 кыргыз жараны кеткен.

Кыргызстан согуш талааларынан жарандарын кайтарып алуу керекпи? Аларды кантип коомго аралаштырып, радикалдык ойлордон арылтууга болот? Бул боюнча диний экстремизм жаатында иликтөөчү Айбек Тилекматов 24.kg агенттигине маек курду.

— Кыргызстан Сирияга кеткен жарандарын кайтарып алыш керекпи? Себеби, ага каршы чыккандар дагы бар.

— Эми алар биздин жарандар. Мамлекет өз жарандарына гарант болуп, кылмыш жасаган учурда дагы алардын укугунун корголушуна көз салып, камсыздап туруш керек. Андыктан, аялдар менен балдардын Сириядагы лагерлерде, Ирактагы түрмөлөрдө абалын билгенден кийин кайдыгер кароо туура эмес. Айрыкча жаш балдардын ахыбалы оор. Ысыкта, ачкачылыкта, такай бомбалоонун астында олтурушат. Алардын күнөөсү жок болгондуктан, коңшу мамлекеттер сыяктуу эле өлкөгө кайтарып алган оң. Бул бийликтин элге ишенимин дагы арттырат.Негизи эле алардын арасында кайтып келип жашап жаткандары дагы жок эмес.

Россияга, Түркияга иштемиш болуп кетип, Сирияга өтүп, кеткен жолу менен эле кайра келгендери бар.

Алардын айрымдары 1-2 жылдан кийин гана колго түшүп, мурда Сирияда террордук топтун курамында күрөшкөнү белгилүү болуп жатат.

— Бирок, алар коомго аралашып, светтик өлкөнүн талаптары менен жашоого даярбы?

— Аларды алып келгенден кийин дароо эле коомго аралаштырбайт. Атайын реаблитациялык борборлор түзүлүп, психолог, теолог жана радикалдык идеяга берилген кишилер менен иш алып барган адистердин кароосунан өтөт. Кайсы бир убакытка чейин адистердин көзөмөлүндө болушу керек.

Теологдор, мисалы, биздин Дин боюнча концепциябызга, анда белгиленген ханафи масхабына ылайыктуу түшүнүктөрдү жеткириши керек.

Фото интернеттен алынды

Эми мен Сирияга кеткендердин үч категорияга бөлөм. Өтө берилип кеткендер, орточо көз-караштагылар жана анчейин ишенбегендер. Өтө берилип кеткендер биздин коом үчүн коркунучтуу. Анткени, алар үчүн биздин конституциялык түзүлүш, жашоо шартыбыз, бийлик — арам болуп саналат. Алар менен катуу иш алып барыш керек.

Негизи алардын арасында радикалдуу ойлордон баш тарткандары дагы болушу мүмкүн. Себеби, алар Сирияга баргандан кийин эле алданып келгенин түшүнүшкөндөрү бар.

— Аларды кайтаруудан мурда реаблитациялоо, радикалдуу ойлордон арылтуу боюнча комплекстуу иш-чаранын программасы иштелип чыгышы керек го...

— Ооба, Сириядан кайтарып келүүдөн дагы, алар менен иштөө убакытты, акчаны жана чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мисалы, аларды түрмөгө олтургуза турган болсок, өзүнчө кармай турган жерлер керек. Эркектердин абактарында өзүнчө зоналар бар, бирок, алардын Степнойдогу түрмөсүндө бөлө турган жер жок.

Булардын диний түшүнүгү дагы башкача. Биз аларга, фанаттарга исламдан аташканын далилдеп, көрсөтүп, ынандырышыбыз керек.

Айтмакчы, бул жерде журналист үчүн дагы жоопкерчилик жүктөлөт. Радикалдуу ойлордон баш тартып, коомго аралашкандарды көрсөтүүдө алардын коопсуздугун да эске алуу керек. Мисалы, чет өлкөдө Сириядан кайткан жаранды жүзүн ачык көрсөткөндөн кийин ага кол салуу болгон. 

— Согуш аймагына кеткендер кандай социалдык топтун, курактын өкүлдөрү?

— 30 жаш курактын айланасындагылар. Жолу болбой, кыйналып жашап жүргөндөр да бар, байлар дагы бар.

Бул жерде аларды үгүттөгөндөр ар бир кишиге индивидуалдуу жана узак мамиле кылышкан. Мисалы, иш болбой жүргөндөрдү өзүнүн чөйрөсүнө тартып, динге аралаштырып, анан акчалай жардам бере коюп... тигилер болсо, ой мына ушулардын аркасы менен ишим жүрүштү деп баш-оту менен ишенип, Сирияга барып калышкан.

Мен билгенден Ысык-Көлдөн бир үй-бүлө үйүн сатып, базарда бизнесин сатып кеткен. Жакырчылыктын айынан алдагандар, так эле акчага жалдангандар бар. Депрессияга кабылгандарга, өзүн-өзү таппай жүргөндөргө башка жашоону сүрөттөп алдап алып кетишкен. 

Аялы телефон менен сүйлөшүп олтуруп эле, күйөөсүн таштап, кичинекей баласы менен жөнөп кеткенин билем.

Таанышы чек арага келгенде баласын алып өтүп, «өтпөсөң балаңды кайра бербейм» деп алдап, коркутуп Сирияга алып кирген учурлар да кездешет.

— Радикалдуу топторго үгүттөгөндөр кимдер? Алар азыр деле иштерин жүргүзүүдөбү?

— Кыргызстанда Сирияга киши жөнөткөндөр өзүбүздүн эле жарандар. Кечээ эле киного барып, бийлеп, элге аралашып жүргөндөр. Айрымдары адам башына акчага кызыкса, кээ бирлери фанат болуп кетишкен. Сириядан кайтып келгендер колго түшкөндөн кийин үгүттөгөндөрдүн айрымдары кармалды.

Негизи азыр үгүтчүлөр ишин өзгөрттү. Себеби, аларга киши жөнөтпөй, өз өлкөңөрдө иштегиле деген тапшырмалар берилип жатканы айтылып жүрөт. «Ислам мамлекети» чачырап кеткени менен жок болгон жок.

Айбек Тилекматов
Бул маселени өзүнчө калтырып койсо болбойт. Бир күн жарылып, өзүбүзгө коркунуч жаратат. Андыктан, күчтүү профилактикалык маселелерди жүргүзүү керек.

— Бирок, аялдар менен балдар алып келинет. Алар Сирияда согуш талаасында эмес, үйдө болуп, тиричилик менен алек болгондор анчалык олуттуу көйгөй жаратпаса керек?

— Сириядан келген эмес, Кыргызстандагы эле аялдардын дагы динге кызыгуусу дагы көңүл бурууну талап кылат. Анткени, мурда диний окуу жайларга аз эле кыздар тапшырса, азыр 60-70 пайызы аялдар.

Кыз-келиндердин динге кызыгуусу күчөдү. Социалдык тармактан дагы аялдар динди таркатуу маанилүү рол аткарып калганын байкасак болот.

Андыктан, алардын туура диний жолдо болушун көзөмөлдөө зарыл. Себеби, дүйнөдө террористтер азыр аялдардын ролун өзгөртүп, олуттуу иштерге колдонуп баштады.