Бишкекте жоголгон беш жашар бала «Дордой» базарынан табылды

11:06, 11 июля 2019, Бишкек - 24.kg

«Келечек» конушунда жоголгон 5 жашар бала «Дордой» базарында табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милиция кызматы билдирди.

Милициядан белгилешкендей, кечээ болжол менен саат 15:00дө Свердлов райондук милициясына «Келечек» конушунда 5 жашар А.Э. аттуу бала үйүнөн чыгып, кайра келген жок деген маалымат түшкөн.

Издөөгө киришкен милиция кызматкерлери баланы «Дордой» базарынын аймагынан табышып, ата-энесине тапшырышкан.