Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде эки көчүрмө сүрөт табылды. Бул тууралуу Alerte Héritage маалымдайт.
Атайын түзүлгөн комиссия 250 сүрөттү карап чыгып, эки сүрөттүн көчүрмөсү турганын аныкташкан.
Андрей Мыльниковдун «Сон» жана Евсей Моисеенконун «Ольга» сүрөттөрүнүн оригиналы музейден табылган эмес. Бул картиналар өтө жогору баада экени белгиленет.
Юристанбек Шыгаев музейди 2008-жылдан бери башкарып келет.
Сүрөтчүлөр Юристанбек Шыгаевди көчүрмө жасоонун мастери экендигин айтышып, буга чейин түрк жаранына белгилүү сүрөттөрдүн копиясын сатканын айтып чыгышты.