Швейцария Кыргызстанга кышкы туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшөт

10:33, 11 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Швейцария Кыргызстанга кышкы туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Бул боюнча документке президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцария президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлду.

Швейцария менен Кыргызстан айыл-чарба продукциялары жана туризм жаатында кызматташмакчы.

Андан сырткары, Швейцария суу менен камсыздоо системин калыбына келтирүүгө, мамлекеттик карызды башкарууга жардам берет.

Сооронбай Жээнбековдун иш сапары бүгүн жыйынтыкталат.