Сооронбай Жээнбеков бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушат

09:18, 11 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Сооронбай Жээнбеков бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда. Швейцариядан кайтып келе жатып, президенттин учагы Москвага конот.

«11-июлда президент кыска иш сапар менен Москвада болуп, Россиянын өлкө башчысы менен сүйлөшүү жүргүзөт», — дейт маалымат кызматы.

Эки өлкө лидеринин жолугушуусунун темасы ачыкталбайт.