Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын президенти менен жолугушту

17:04, 10 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурер менен жолугушту.

Өлкө башчысынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Сооронбай Жээнбеков Ули Маурер менен шаарындагы «Лон Манор» резиденциясында кезикти.

Визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.