16:20
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Екатеринбургда иш таштаган кыргыз айдоочулары кайра каттамга чыкты

Екатеринбургда иш таштаган кыргыз айдоочулары бүгүн кайра каттамга чыкты. Бул тууралуу россиялык СМИ маалымдайт. 

Жүргүнчүлөрдү ташыган транспорттук компаниянын маалыматында, №012(Павла Шаманова - Хладокомбинат №3) жана №019(Елизавет - Академика Сахарова) каттамында керектүү автобустардын баары иште.

Эскерте кетсек, 9-июль күнү Екатеринбургда автобусдун айдоочулары жумуш ташташкан. Алар айлык акыны көтөрүүнү талап кылган. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги иш таштагандардын баардыгы кыргыз мигранттары экенин ырастаган. 

Алар айлык акы маселесин чече ал азырынча белгисиз. Тийиштүү мамлекеттик органдардын дагы бул боюнча маалыматы жок.

Эң көп окулган жаңылыктар