Россиянын түрмөлөрүндө 1 миң 379 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөөдө

10:22, 10 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Россиянын түрмөлөрүндө 1 миң 379 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөөдө. Бул тууралуу ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү элчиликте кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

2019-жылдын алты ай ичинде кыргыз жарандары тарабынан 49 миң 925 укук бузуу катталган.