17:17, 09 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Токобековдун абалы оор. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия борборунан билдиришти.
Темирлан Токобековдун жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалганы айтылууда.
Жолдо «Lexus» жана «BMW Х7» кагылышкан. «BMW Х7» машинеси Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго таандык. Азырынча рулду ким башкарганы белгисиз. Айрым маалыматтар боюнча, Темирлан Токобеков арткы орунда олтурган.