Чүйдө 11 жашар баланы 21 жаштагы айдоочу сүзүп кетти. Бала набыт болду

16:52, 09 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Жайыл районунда 11 жаштагы баланы жеңил унаа сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жол кырсыгы бүгүн, 9-июль күнү саат 09:00 чамасында Жайыл районунун Новониколаевка айылында болгон.

«Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны 21 жаштагы айдоочу айдап бара жатып кырсыкка кабылган. Унаа 11 жаштагы баланы сүзүп, жабырлануучу «Тез жардам» кызматы келгенче окуя болгон жерден каза болуп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып короосуна токтотулду. Башка бардык тийиштүү иштер Жайыл РИИБи тарабынан аткарылууда», — деп билдирди басма сөз кызматы.