Сон-Көлдө «Ак-Мөөр» фестивалы өтөт

16:02, 09 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 19-20-июлда «Ак-Мөөр» фестивалы өтөт.

Фестивалда «Улуу кыргыз көчүнүн» көргөзмөсү, «Ак-Мөөр- Соң-Көл» сулуулук конкурсу, «Кыз- жигит сармерден» оюну, этно мода көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк, этно базар, улуттук спорт оюндары болот.

Иш-чара гала-концерт менен жыйынтыкталат.