Абитуриентке эскертме. Эртең ЖОЖдорго кабыл алуунун биринчи туру аяктайт
14:52, 09 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру 8-июлдан 10-июлга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, 11-июль күнү саат 10.00гө чейин кабыл алынгандардын тизмеси илинет. 11-13-июлга чейин абитуриент ЖОЖго окууга макулдугун ырастайт.
15-июлдан 17сине чейин экинчи турга кабыл алуу болот.
Үчүнчү тур 22-24-июль аралыгында жүрөт.
Министрлик окуу жайлардын тизмесин жарыялады. Ал менен атайын сайттан таанышып алууга болот.