18:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Финпол Матраимовдордун фондуна акча которулганын ырастаган жок

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кыргызстандан которулган миллиондор боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Белгилей кетсек, өлкөдөн чыгарылган акчалар жана алардын бир бөлүгүнүн Матраимовдордун фондуна кайтып келгендигин «Азаттыктын» радиосу иликтөөсүндө жарыялаган. Ал боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерүү жүргүзгөн.

Тергөө иши иликтөөнүн автору Али Токтакуновдон 22 миллион 721,3 миң суммадагы акча боюнча документтерди алды. Калган документтер тергөөгө бериле элек.

Кызмат ИП Saimaiti Aierkenнин  банктык эсептерин текшерип чыгып, акчалай которуулар текстилдик продукция сатып алуу үчүн которулганын маалымдайт.

Жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 доллар акча кездеме, мотор майы, тетик жана башка товарларды сатып алуу тууралуу контракттардын негизинде которулган.

Тергөө «Исмаил Матраимов» атындагы фондго Saimaiti Aierken и Wufuli Bumailiyamu которгон 2,3 миллион доллар боюнча документтер ырасталбаганын белгилейт. Бирок, Wufuli Bumailiyamu фондго 2016-жылы 100 миң жана 99 миң доллар которгон.

Фондго 2014-жылдан 2019-жылга чейин ар кайсы жактардан 1 миллион 439 миң жана 221,6 миң сом келип түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар