Бишкек базарларында иштеген 14 бала табылды

17:49, 08 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда балдар эмгегине каршы рейд өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. 

Район аймагындагы базарлар, коомдук, ууна жуучу, тамактануучу жайлар текшерилди. 

Жыйынтыгында иштеп жаткан 14 бала аныкталды. Бирок, алар ата-энелеринин жанында жана көзөмөлүндө болушкан.