USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Өнөр жайдын өсүшү 17 пайыздын тегерегинде белгиленүүдө

13:58, 08 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 17%га өскөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, ал Кумтөр кениндеги өндүрүштүн 1,6 эсе, металл кендерин казып алуу 38,2%, көмүр 19,8%, чийки нефть менен жаратылыш газы 15,5%, текстиль өндүрүшү 8,3%, курулуш материалдарынын көлөмүнүн өсүшү 3,5%, ошондой эле цемент өндүрүшү 9,9%га өскөнү менен байланыштуу болгон.

Сагынбаев баардык тармактар боюнча өсүш болуп жатканын билдирди.

Ушул жылдын январь-май айында өнөр жай субъекттери 104 млрд. 29,1 млн. сомго продукция өндүргөн — 117%.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика