Аймакта аскердик операция эки ай мурун башталган. Бул тууралуу Reuters агенттиги Адам укуктары боюнча сириялык борборго таянуу менен билдирүүдө.
Укук коргоочулардын айтымында, орусиялык жана сириялык аскерлер жөнөкөй жашоочуларга атайлап сокку уруп, ооруканаларга бомба таштоодо. Буга чейин Human Rights Watch уюму чабуул учурунда кассеталык жана өрттөнүүчү куралдар колдонулуп жатканын кабарлаган.
Москва менен Дамаск бул маалыматты четке кагууда. Орусия куралчан сириялык оппозицияны ок атуу келишимин бузууга айыптоодо.
БУУнун маалыматы боюнча аскердик операциялар башталгандан бери Идлибден кеминде 300 миң киши качып, Түркия менен чек аралаш жерге барган. Баардыгы болуп аймакта үч миллион киши жашайт.