УКМК интернетте аймактык кастыкты козуткандарга каршы иш алып барууда

13:44, 08 июля 2019, Бишкек - 24.kg

УКМК интернетте аймактык кастыкты козуткандарга каршы иш алып барууда. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, мекеме социалдык тармакта аймактык, улуттар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөрдү аныктоодо.

«Кылмыш кодексинин 313-беренесине ылайык интернет, же ЖМК аркылуу рассалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактык кастыкты козутуу кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал үчүн 5 жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган», — деп эскертет УКМК.