Анжияндын «урушчаак» президенттен кечирим сурады

12:29, 08 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Анжиян облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысын «шайтан, айбан, импотент», саламаттыкты сактоо министрин «айбан, министр сөрөй» деп кемсинтен Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахмановду сынга алды.

Шавкат Мирзиёев 5-июлда өткөн видеоселектордук жыйында Шухрат Абдурахмановдун жооруктары тууралуу кабары бар экенин айтты.

«Мен сени сыйлайм. Бирок Интернетте сен тууралуу тараган маалыматтарды угуп жаман болдум. Өзүңдү карма», — деди Мирзиёев.

Аким күнөөсүн сезгенин айтып, кечирим сурады.

2019-жылы июнь айында Анжиян облусунун башчысы облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Абдурахмановду жыйын учурунда катуу тилдеген. Буга башкармалыктын кызматкери акимдин үстүнөн Башкы прокуратурага даттанганы себеп болгон.