Бишкектин борборунда сабалган Нигерия жараны каза болду

09:13, 05 июля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин борборунда сабалган Нигерия жараны каза болду.

Фото

Аны 2-июль күнү «Айчүрөк» соода үйүнүн жанында сабапкан. Жерге кулаган чет элдик жаран, комага түшкөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күнөөлүүнү кыска мөөнөттө табууну буйруду. Эртеси 22 жаштагы кыргыз жараны кармалган.