09:08, 05 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Баткен шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө батирлер курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда айтылды.
Көп кабаттуу үйдүн курулушуна 100 миллион сом жумшалат. Ага эл аралык уюмдар жардам берет.
Президент баткендиктерди чагымчылдыкка алдырбай, чек ара маселеси толук чечилгенче коңшу мамлекеттер менен ынтымакта болууга чакырды.