08:57, 05 июля 2019, Бишкек - 24.kg
Көкөмерен суусуна унаа менен түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин 8 жаштагы небересинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Абдылдаевдин аялын жана уулун издөө иштери улантылып жатат. Буга чейин 2-июлда Молдакун Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун жансыз денеси табылган.
Эскерте кетсек, 30-июнь күнү Чүй облустук администрациянын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү бара жаткан ууна дарыяга түшүп кетти. Машинеде беш киши (3 эркек, 1 аял, бир бала) бараткан. Молдакун Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгү 2-июль күнү табылган. Учурда жубайы менен уулу изделүүдө.
Молдакун Абдылдаев 2014-2018-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.